www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаалды турукташтыруу учурунда мобилдик бригадалардын саны сегизден 13кө көбөйтүлүп, call-борбор тынымсыз иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Биринчи вице-премьер Бишкек шаарынын Ыкчам медицина борборуна барып, ишмердүүлүгү менен таанышкан.

«Күн сайын коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатат. Калаанын бийлиги начар иш алып барууда. Коомдук жайларда, транспорттордо санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбай, жарандар бет кап кийбей калышты. Бул арада инфекциялык ооруканага киши толуп, кошумча стационарларды ачуу пландалууда», - деди Новиков.

Ал ошондой эле, ӨКМге «кызыл зонада» иштеген дарыгерлерге ысык тамак уюштуруу, Бишкек мэриясына санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости