www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер Артём Новиков өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугуп, бизнестин коопсуздугу жана кепилдиги камсыздаларын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, биринчи вице-премьер Артем Новиков өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугуп, бизнестин коопсуздугун жана кепилдигин камсыздаларын айтты

Ошондой эле Новиков тоо-кен тармагында болгон окуяларга жол берилбеши керектигин белгилеген. Мындан улам ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине, Экотехинспекцияга жана Салык кызматына ал жерде келтирилген зыянды баалап, аталган ишканаларды колдоо боюнча мүмкүн болгон чараларды карап чыгууну тапшырганын айтып өттү.

"Биз өлкөдөгү бизнести колдоо үчүн максималдуу күч-аракетибизди жумшайбыз. Өзгөчө абал режими алынды. Коомдук-саясий абал турукташты. Бардык тармактар толук кандуу иштөө режимине өтө алат", — деди Новиков.

Эске салсак, ал жакында Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш өтө турганын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости