www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Россия ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болгон жана болуп кала берет. Ошондой эле биз эки тараптуу жана көп тараптуу форматта мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди жүзөгө ашырабыз. Кыргыз тарап эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле Евразия экономикалык интеграциясы жана КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча жигердүү ишти уланта берет», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков.  

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко Артём Новиковду Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. 

«Кыргызстандагы кырдаалга карабастан, россиялык инвесторлор кыргыз рыногунда иштөөгө чоң кызыгуусун билдиришет жана маанилүү маселелердин бири - инвесторлорду, анын ичинде россиялык инвесторлорду мамлекеттик деңгээлде коргоо жана алардын өлкөдөгү коопсуздугун камсыз кылуу. Россия Федерациясы Кыргыз Республикасы үчүн союздаш деп эч күмөн санабай эле айта алам».

Артем Новиков Россия тарап менен натыйжалуу экономикалык кызматташтык түзүлөрүн айтып, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт деп ишендирди.

Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине кошулуу боюнча техникалык көмөк алкагындагы Россия Федерациясынын бажы жана лабораториялык жабдууларды берүүсүнө, салык тутумун модернизациялоо жана маркировкало тутумун киргизүү, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүүгө байланыштуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Аталган долбоорлордун натыйжалуу жыйынтыкталышы Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалынын деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берип, өлкөлөр ортосундагы экономикалык интеграция деңгээлин күчтөндүрөт. Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн баса бегилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости