www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы кайрадан Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жарыяланган тендерге ылайык, көпүрөнүн узундугу 18 метр, жолдун туурасы 11 метр, жөө адамдар өтүүчү жолдун аймагы эки тараптан 3 метрден болушу керек.

Долбоордун наркы 23 миллион сомду түзөт. Арыздар 13-ноябрь күнү саат 16:55те кабыл алынат.

"Эске салсак, буга чейинки тендер сатып алуу процесси бузулгандыктан жараксыз деп табылган. Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө Жукеев-Пудовкина көчөсүн түштүккө узартуу долбоорунун алкагында курулат. Жол алты тилкелүү, туурасы 24 метр, бөлүүчү тилке болот. Анын заманбап жабуусу бар - майдаланган таш-мастикалык асфальт-бетон", - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости