www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артём Новиков жаңы кызматка дайындалды

Артём Новиков Орусия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Орусия-кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев төрагалык кызматынан бошотулду. Буга катар Артём Новиков үч жылдык мөөнөткө аталган фонддун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө..

Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.

РКӨФтү быйылкы жылдын март айынан бери Азиз Аалиев жетектеп келген. 

Ал эми Артём Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости