www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттыкка талапкер, Артур Медетбеков, кечээги болуп өткөн окуяны кескин сынга алды.

--Саламатсызбы Артур мырза, митингде кырдаал кандай болуп өттү?

--28-ноябрда БШКнын алдында болуп өткөн шайлоо боюнча нараазычылык билдирүү үчүн 8 партиядан турган жактоочулар, добушун жоготуп жиберген партиянын талапкерлери ошондой эле лидерлер митингге чыгышып өздөрүнүн талабын коюшту. Бирок калгандары таркай баштаганда кандайдыр бир өзүнчө провокация жасаганы бир топ балдар келишти. Бактыга жараша митингдин катышуучулары таркап кеткенден кийин, атайын чагымчыл топ келип “Шайлоонун болушун каалабайбыз!” деп он чакты бала келди.

--Өмүрбек Текебаев тууралуу пикириңиз...

--Текебаев кээ бир партиянын лидерлери менен бир жерден жолугушмак экен. Жолугушууга барганда өзүнүн жардамчысы менен олтурганда сырттан 30-40ка жакын жаш балдар келип, аны алып кетмекчи болгон. Ал жерден белгисиз кишилер аларга жолтоо болуп калган. Текебаевди 5-6 жолу муштап, көз айнегин сындырып, уюлдук телефонун, жардамчасынын дагы телефонун алып кетишкен.

--Бул көрүнүш бийликтин жүргүзгөн саясатына көө жаппайбы?

--Албетте, бул көрүнүш бүгүнкү күндө президенттин жүргүзгөн саясатына чыккынчылык болуп эсептелинет. Ошондой эле өтө чоң наадандык. Атасындай болгон кишини сабап, кемсинтип, коркутканы туура эмес. “Кайра шайлоо болбосун, уткан партиялар гана барат!” деп, кандайдыр бир деңгээлде заказ менен келген жаш балдардын абдан ыплас кадамы. Бул көрүнүштү укук коргоо органдары толугу менен изилдеп териштириши зарыл. Текебаев белгилүү саясатчылардын бири. Ал кандай болбосун, бирөөгө жагабы, жакпайбы Кыргызстандын жараны. Демек ар бир кыргыз жараны өзүнүн укугун эркин ошондой эле адамдык сапатын коргоого Конституциядагы баардык мыйзамдар жол берет.

--Болгону депутаттык шайлоо болсо, эмнеге мынча коркунуч жаратты?

--Бүгүнкү күндө шайлоодон жогорку деңгээлдеги корккон сезимдер, “Кайра шайлоо болбойт!” деп чоочугандар, өздөрүнүн мындай кемчонтойлугун кандайдыр бир деңгээлде туура эмес саясат алып бара жаткандары, атайын буюртма бергендиги, бул өтө чоң кылмышкерлик. Кыргызстандагы ар бир жаранды коркутуп, же сабап кетип, дагы башка ыкмалар менен баарын ордуна коюбуз деп ойлобосун! Эч убакта мындай жолдор менен тартипти тазалык, тынчтыкты сактай албайбыз. Мен айтат элем, ушундай ыплас иштерге барган жигиттерге көзүңөрдү ачкыла, жашоо бул – бумеранг. Биз мыйзамдын чегинде иштегенге аракет кылышыбыз керек.

--Шайлоого нараазы болгондордун ойлору кандай?

--Азыр 8 партия өзүнүн талабын коюп жатат. Эч кандай ызы-чууга же башаламандыкка баргысы да келбейт. Андыктан “коркконго кош көрүнөт, дал өзүнө беш көрүнөт, жөн жерден “бөйрөктөн шыйрак чыгарып” туура эмес иштерге баргандар, ошондой эле “заказчиктер” эсиңерди жыйгыла! Биз, башка партиялардын баардык тарапташтары, жактоочулары саясый тероррдук көрүнүшкө каршыбыз. Президент баш болгон укук коргоо органдары болуп өткөн ишти баары көзөмөлгө алышы керек. Бүгүнкү күндө оппозициядагы, бийликтегилер дагы бүт Кыргызстандын жараны болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости