www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова, Ө.Текебаев тууралуу пикирин айтты.
--Өмүрбек Текебаев, менин саясий оппенентим. Бирок, Ө.Текебаев өлкөбүздүн күчтүү саясатчылардын бири экенин тана албайбыз. Бүгүнкү болгон окуя (прецедент), Текебаевге кол салган факт, коомубузда бул өзү, өтө коркунучтуу "өнөкөткө" айланышы мүмкүн.
Анткени, ОПГ, же билеги күчтүүлөр, 70-80 адам болуп чогулуп, байлардын үйүнө кирип, бийлик төбөлдөрүнө, БШКнын мүчөлөрүнө, партиялардын лидерлерине эч бир саясатка тиешеси жок, эмгек мигрант болуп, иштеп байлык топтогон жарандарыбызга кол сала башташса эмне болот? Же, алсыз жарандарыбыздын укуктарын, каалагандай күчтүүлөр тебелесе... кечиресиздер, анда Афганистан болуп калыш оңой эле...
Ошондуктан, укук коргоо мекемелери мындай мыйзамсыз, кыргыз элинин салтына жат көрүнүштү токтоосуз токтоткула. Ошондой эле күнөөлүүлөргө мыйзам ченеминде, аёосуз чара көрүлүшү зарыл. Күчтүү өлкөнүн негизги базасы, ал коопсуздук. Ар бир жаран, ээн эркин, эч кимден, эч нерседен коркпой жашаган мамлекетти күчтүү мамлекет деп айта аласың. Кыргызым, күчтүү, намыстуу болгун. Кыргызстанды, эч качан, кыргыздар ОПГа, билеги күчтүүлөргө башкартпайт, - дейт Жылдызкан Жолдошова.
Эске сала кетсек, "Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги мейманканалардын биринде кол салуу болду. Аны 70ке жакын адамдын эки-үчөө ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюлдук телефону менен көз айнегин алып качып кеткен.
Булак: NazarNews.kg