www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 1-декабрдын кечинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылган.
Ал 28-ноябрда өткөн шайлоого байланыштуу сурак берип чыккан. Расмий кабарда социалдык тармактарда тараган видеодо Келдибеков шайлоодогу добуш берүүнү баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө тастыкталбаган негизде сүйлөгөн деп жазылган. УКМК муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалап, Келдибековду түшүндүрмө берүүгө чакырды.
Акматбек Келдибеков:
--“Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, “шайлоо боюнча сүйлөп койдуң” деп көрүнгөн блогер, ютубчуларга мен жөнүндө видео тасмаларды жасап, чыгарып бергиле деп жалдыраган эч кимге абийир алып келбейт. Алып келген дагы эмес! Силер эмес убагында бүтүндөй мамлекеттик машина каралады. Жыйынтыгы эмне болду? Убакыт баарына тараза, деп жазды саясатчы өзүнүн социалдык тармагына.
Эске сала кетсек, Акматбек Келдибеков, эртең, 2-декабрда саат 10:00го УКМКга кайрадан суракка чакырылган. Бул тууралуу маалыматты саясатчы өзү билдирди.
Булак: NazarNews.kg