www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Москвада 3 жылдан ашык жүргөн америкалык дипломаттардын 2022-жылдын 31-январына чейин өлкөдөн чыгып кетиши керектигин билдирди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйында, АКШ башкаруучулугунун орус дипломаттарга виза бербей жатышын сынга алды.
Бул кыйынчылыктардан улам жооп иретиндеги кадам таштоого чечим чыгаргандарын белгилеген Захарова:«Москвада 3 жылдан ашык болгон америкалык дипломаттар 2022-жылдын 31-январына чейин Орусиядан чыгып кетиши керек»,-деди.
Захарова, Орусиянын мындай чечим кабыл албоо үчүн көптөн бери аракет кылганын жүйө кылып: «Бул биздин тандоо эмес экенин баса белгилегим келет. Америкалык өнөктөштөр бизге ушундай оюн таңуулашты. Биз көптөн бери маселенин конструктивдүү жолун табууга аракет кылып жатабыз, бирок алар өз тандоосун кылышты»,-деп айтты.
Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов, 27 орус дипломаттын үй-бүлөлөрү менен виза маселесинен улам АКШдан кете турганын 27-ноябрда билдирген болчу.