www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тынч океандын бир нече аралдарынан түзүлгөн Тувалунун калкы суу астында калышы мүмкүн. Өлкөнүн калкы коопсуз жайга көчүүгө аргасыз болот. Бул тууралуу Тувалинин тышкы иштер министри Саймон Кофе билдирди.

Булактын айтымында, Тувалунун 5 миңге жакын жашоочусу Жаңы Зеландияга көчүп кетишкен.

Кофе: «Аймактарыбызды жоготсок дагы, башка мамлекеттер Тувалуну таанууну улантышын каалайбыз жана бул үчүн кадамдарды жасап жатабыз», - деди.

Буга чейин Тынч океандагы бир нече өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнөн улам жок болуп кетиши мүмкүн экени айтылган. Тактап айтканда, Кирибати менен Маршал аралдарын, Тувалуну суу капташы күтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости