www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги генерал Артур Медетбековду кепке тартып, коомчулук шек санаган жагдайлар боюнча пикир алыштык.
-Артур мырза, Улуттук коопсуздук кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармаса да, эмне үчүн аны шоу катары сыпаттагандар көбөйдү?
-Туура акыркы күндөрү Улуттук коопсуздук кызматы мамлекетибизде элге таанымал болуп калган Камчы Көлбаевди кармады. Бирок, ошого карабай Улуттук коопсуздук кызматынын бул аракетин коомчулукта спектакль, шоу катары карагандар да көп. Сыягы, аталган тармактагы кадр алмашуунун таасири ушул эки адамды кармоодо тийип калгандай...
Коомчулукта Камчы Көлбаев издөөдө жүрсө, чоң кылмыш кылса, эмне үчүн революциядан кийин жашынып же коопсуздугун ойлоп качып кетпейт. Шаардагы эле спортзалдардан колго түшүп берет деген күмөн саноо бар. Бул биринчиси.
Экинчиси, аны камоого далилдөөчү базалары болгонбу же болгон эмеспи деген суроо да күмөн жаратууда. Себеби, Камчы Көлбаевге окшогон адамдарды кармап жатканда видеого тартып, аны жайылтуунун кажети жок. Анткени, ошол кыска метраждуу кинодой болуп тартылган кармоо операциясынын өзү коомчулуктун оюн өзгөртүп, шек саноону күчөтүп жатат. Оперативдүү топтор киносу жок эле кармап келип, териштирүү иштерин жүргүзүшсө эл арасында мынча шек саноо жаралмак эмес. Кокус Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыгып калса, чоң шоу болгону элдин баарына билинип калат. Негизи сындасак да, Садыр Жапаровдун аракети чоң. Мамлекетти коррупциядан да уюшкан кылмыштуу топтон чыгаруунун аракетин көрүп жатат. Эми берген убадаларына туруп, айткан сөздөрүн аткарса, шайлоо алдында эл арасынан упай топтойт.
-Бирок, эл арасында татыксыз кадрларды кызматка алганы, кеңешчилерди дагы туура эмес тандап алганы боюнча да кептер айтыла баштады го?
-Садыр Нуркожоевичтин жанында жүргөн адамдары туура эмес кеңеш берип же өз пайдасын көздөп, адистигимди көрсөтөм деген ойдо тайгак жолго, тобокелдикке салып жиберген учурлар кездешип жатат. Эртерээк тегерегин тазалабаса, тез эле түбүнө жетип, абалды кескин өзгөртүп жибериштери да толук мүмкүн. Себеби, 3-4 президентти да жанындагылар туура эмес кеңештерди берип отуруп, түбүнө жетишкен. Бирок, алар 3-4 жылдын ичинде чоң катачылыктарга жол берсе, Садыр Жапаровдун тегерегиндегилер иш башталганда эле аңга түртүп башташты. Бирок, ошентсе да эл Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштү күчөтөт, кылмыштуу топторго каршы турат деген чоң ишеним менен карап, катачылыктарына анча маани бере элек.
-Садыр Жапаров айткандай коррупциясы жок, уюшкан кылмыштуу тобу жок жашоого жете алабызбы?
-Жете алабыз. Тагыраагы, президент, премьер-министр, жер-жердеги жетекчилер мамлекеттик тейлөө кызматында иштеген кызматкерлер таза, мыкты, адискөй болуп, коррупциядан алыс адамдар болушу керек. Ошондой эле экономикалык абалыбыз да жогорулап, реформа жогорку деңгээлде ишке аша баштаса, уюшкан кылмыштуу тобу, коррупциясы жок жашоого жетебиз. Бирок, ал үчүн чоң эмгек керек. Анткени, коррупция бардык министрлик, ведомстволордун баарын чырмап салган. Мындай учурда коррупция менен бир жума же 10 күндүк күрөшүү аздык кылат. Ошондой эле коррупция менен күрөшөм деген адамдар өздөрү да таза жана жанындагы адамдар да адискөй болушу шарт. Эгер коррупция менен күрөштү ишке ашырууга киришкен адамдар таза болбосо, анда анын баары пиар, шоу гана болуп калат.
Булак: NazarNews.kg