www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-БШК Аравандагы жаңжал үчүн “Биримдик” партиясынан талапкер болгон Шүкүрулло Файзуллаев менен “Мекеним Кыргызстандын” талапкери Ильхом Маннановду шайлоодон четтетүү чечимин бир добуштан кабыл алды. Чечим туура эле болдубу?

- БШКнын чечими  туура болгон үчүн коомчулукта аларды кубаттагандар көп болуп жатат. Эми укук коргоо органдары шайлоодон четтетилген эки талапкерди  териштирүү ишине да аралаштырып, жоопкерчилигин карашы керек. Себеби катуу жаңжал чыгып, 15тен ашык адам жаракат алды. Бул жаңжалдын бүткүл Кыргызстанга терс таасири тийди. Айтайын дегеним, Аравандагы окуядан кийин Нарында дагы жаңжал чыкты. Шайлоого 3-4 күн калганда шайлоочуларды талашып, талапкерлердин ортосунда атаандаштык күч алат. Бири-бирине кысым көрсөтүп, компроматтар жайнай баштайт. БШК жаңжал чыгарсаң же массалык тополоң уюштурсаң,  ушундай болот деген сабак болчу чечим чыгарды. Эми бардык партиялар сабак алып, жаңжал чыгаруудан  алыс болушу керек. Добуш алуудабы же добуш талашууда кордук көрсөтүп,  криминалдарды байланыштыргандардын баарын жоопкерчиликке  тартыш керек. Бул сапар бийлик күн мурунтан айтып, күрөш жарыялабастан, оперативдүү чечим чыгарып, маселени учурунда чечкени туура болду.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости