www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы Нуржан Курманбековна, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттаныптырсыз, адегенде өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Мен интелигенттердин үй-бүлөсүндө туулуп-өстүм. Апам мугалим, атам болсо партиянын райкомунда иштеп жүрүп, кийин райондук гезитти жетектеп калды. Менин журналист болуп калышыма да атамдын таасири бар. Мектепте окуп жатканда эле түйшүкчүл болчумун. Өзүм акча тапканга аракет кылчумун. Эсимде,  5 метр кездемени алып, галифе тигип, 5 сомдон саткам. Окууга өз күчүм менен өттүм. Конкурска 55 макала менен келгем. Райондук гезитке ырларым, “Комсомолец Киргизии” гезитине макалаларым чыкчу. Ал кезде журналистика  факультет эмес, бир бөлүм эле болчу. Мен анысын деле билчү эмесмин. Сураштырып келип, тапшырып эле өтүп кеткем. Университетте жогорулатылган стипендия алып окудум. Окууну бүткөн соң Көлдө редакцияда иштеп калдым. Кийин экологиялык журналистика темасы боюнча Кыргызстанда биринчи болуп диссертация коргодум. Окутуучулук иш менен гана чектелбестен, долбоорлор менен көп иштедим. Конкурстарга катышып, стипендия утуп алып аттым. Эң алгачкы жолу 300 доллар уткам. Жыйырмадан ашуун өлкөдө болдум. Лондондо, Брюсселде, Польшада окуп келдим. 5-6 окуу жайында: Америка университетинде, Кыргыз-Түрк университетинде, И.Арабаев атындагы университетте окутуучу болуп иштедим. Декандын орун басары, профкомдун төрагасы кызматтарын аркаладым. Азыр болсо КМУУнун журналистика факультетинин басма сөз кафедрасынын башчысымын. Кайсыл жерде иштесем да коллективиме шарт түзгөнгө, жардам бергенге аракет кылдым. Мына бул кафедранын ичин өз чөнтөгүмөн 60 миң акча чыгарып, өзүм жасалгалагам.

- Көп эле өлкөлөрдө болуптурсуз, ошолордун тажырыйбасына таянып, биздин окуу жайларды кантип  жогорку деңгээлге чыгарса болот?

- Чет өлкөлөргө чыккан сайын келип, коллективге көргөндөрүмдү айтып берем. Айтып  эле тим болбостон, өзүмчө эмне үчүн биз деле ошолордой кыла албайбыз, эмне үчүн эң гумандуу кесиптин ээлери эң төмөн айлык алышат?-  деп ойго чөмүлөм. Бир жолу Илимдер Академиясындагы кеңеште Билим берүү министри  менен  чогуу отуруп калдым. Мен  Ош университетине суктанып жүрчүмүн. Ал жакта профессорлор 35-40 миң, сом айлык алышат экен. А бизде профессорлор 16 миң сом алышат. Ушундан улам биздин улуттук университеттин даражасы жогору болсо да эмне үчүн Ош университетинде иштегендер бизден көп айлык алат?- деп ойлочумун. Ушул суроону Каныбек Абдуваситовичке  берсем күлүп, “жакшы менеджер болуш керек”, - деди. Көрсө, ошондой эли ишти бизде деле жасап, окутуучуларга татыктуу айлык берсе болот экен.

Мен сыймыктануу менен айта алам. Биздин факультетте коррупция жок. Мен бир окуяны айтып берейин. Биринчи курстун студенти мага келип, сизден курсовой жазайын деди. Анан канча турат деп сурады.Мен түшүнбөй, эмне канча турат деп тактап сурасам, ”курсовойдун баасы” дейт. Курсовой да сатылмак беле, өзүң анализ жүргүзүшүң керек деп планын түзүүгө жардам бердим. Жазгандарын улам келип көрсөтүп атты. Төртүнчү жолу келгенде “ эжеке, кечирип коюңуз. Курсовой жазган оңой эле турбайбы.Мен башка факультеттерден  курсовойду 1000 сомго сатып алат деп уктум эле” дейт.

Өткөн жылы  долбоорго катышып,  грант утуп алдым. Ал каражат келсе  эки лабаротория ачалы деген пландарыбыз бар.Үч жыл мурда саясий журналистика лабароториясын ачканбыз. Эми экологиялык журналистика боюнча да лабаротория ачуу максатым бар.

- Депутат болуудагы максатыңыз эмне?

- Мугалимдердин көйгөйүн кичине болсо да чечсем дейм. Өзүбүздүн көйгөйүбүздү өзүбүз чечпесек, башкалар чечиши кыйын окшойт. Кээде ыйлагым  келет. Кайсыл бир жагдай боюнча 100 сомдон чогултуш керек болуп калса, окутуучулар “эже, ишенесизби, бир тыйыныбыз да калбай калды” дешет. Себеби, 7 миң сомдон айлык алган да мугалимдер бар. Жети миң деген эмне...Биздин фирмабыз деле жок. Дүйнө чогултканга да кызыкпайбыз. Бир аз каражат тапсак окуп, билимибизди арттырганга аракет кылабыз. Жолдошум врач. Ар кайсыл симпозиумдарга чыгат. Кичүү уулубуз футбол ойнойт. Ал дагы чет өлкөлөргө чыгып турат. Кызым чет өлкөдөн окуп келди. Пандемия учурунда жолдошум катуу ооруп жатып калды. Мен эчтекесине карабай “кызыл зонага” кирип аттым. Бир жолу  ошол кызыл зонада  отургам. Аңгыча эле бир врач кирип, коргонуучу кийимин чечип жатканда карасам  үстүнө бирөө суу куюп ийгендей тердеп кетиптир. Ушул көрүнүш мага аябай катуу таасир этти. Кызым экөөбүз күнүгө 30-40 врачка тамак жасап алып бара баштадык. Ыктыярчылар менен сүйлөшүп, жеке коргоону каражаттарын, беткаптарды алып бардык. Муну айтып жаткан себебим, медицина тармагында да көйгөй көп. Биз окутуучулар сыяктуу эле медиктер да колдоого муктаж.

- Эмне үчүн  шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен аттанууну чечтиңиз?

- Азыр социалдык тармактарды ачсаң эле партиялар бири-бирин каралап, бири-бирин көөлөп жаткандарына күбө болосуң. Башка кишиге канчалык жакшылык кааласаң, өзүңө да ошончолук ырыскы келет. Ошондуктан, мен өзүмдүн партиялаштарыма да, башка партиялардын өкүлдөрүнө да шайлоону урушпай-талашпай, биримдикте өткөрүп, жалпы Кыргызстаныбыз үчүн чогуу иштейли деп айткым келет. Биздин партияга таза, позитивдүү, жаш күчтөр чогулду. Матраимов жөнүндө да аябай жакшы сөздөрдү угуп жатам. Мен бул партияга Матраимов үчүн келген жокмун, жаңы, таза партия экен деп келдим.Бирок, ошентсе да калыс сөзүмдү айтып койгум келет. Пандемия учурунда Матраимов Искендердей жалпы республикалык масштабда ар тараптуу жардам берген бир да саясатчы болгон жок деп чечкиндүү айта алам. Жолдошум жаткан ооруканада  Матраимов 7 млн.сомго аппаратура  алып келди деп айтышты. Он беш стационарды эч кандай пиар кылбай эле Матраимовдор ачышты. Ал өзү жасаган кайрымдуулук иштерин айтпайт экен, бирок, пандемия учурунда жалпы элдин духун көтөрүү, башкаларга үлгү болсун үчүн “Исмаил-Ата” фонду өз иштерин жарыя айтып жатышты. А негизинен бул бир туугандар көптөгөн кайрымдуулук иштерин купуя жасашат экен.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости