www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аталган видео чагымчылдык болуп эсептелет. Бул 2019-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эриш-аркак жылын ѳткѳрүүнүн алдында Москва шаарында ѳткѳрүлгѳн маданий иш-чара болчу. Иш-чарада Евразия мейкиндигиндеги жалпы цивилизацияны эске алуу менен кызматташуудагы тарыхый-маданий жана элдердин маданий-тарыхый байланыштары жѳнүндѳгү маселелер кеңири талкууланган.

Мен МамДуманын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы тѳрагасы, Кыргызстандын чоң досу, Алтай цивилизациясы идеясынын туруктуу жактоочусу Иван Итулович Белековдун чын дилинен айткандарына жооп иретинде сѳз сүйлѳгѳм. Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразия элдеринин тамырынын бир экендиги, байыркы евразиялык тарыхтагы Энесайдан Каспийге чейинки созулган Кыргыз каганатынын ролу тууралуу сүйлѳгѳн. Менин сѳзүм жалпы контексттен кыркылып алынып, айрым саясий күчтѳр тарабынан шайлоо кампаниясындагы ыплас технологияларга пайдаланылды.

Чагымчылдык аракеттерди жасап, элдерди бѳлгѳндүн ордуна жаңы тарыхый глобализациянын шартында интеграциялашуу идеясын колдоого алуу керек деп эсептейм.

«Биримдик» саясий партиясы патриоттук платформага негизделген, биздин башкы баалуулук болуп кѳз карандысыздык, суверенитет, аймактык бүтүндүк жана Кыргызстандын кызыкчылыгына тѳп келген приоритеттер эсептелет!

Кѳз карандысыздык – биздин элдин эң улуу  жетишкендиги. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактоо жана бекемдѳѳ – ар бир жарандын ыйык милдети!

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Последние новости