www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумарканалар ачылса криминалдар көбөйөт, чет элден келген акчалар легалдашат деген да маселе бар», - деди бүгүн, 25-июнда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.

- Артур мырза, казино ачылса бюджет эле толбойт, криминалдар да көбөйөт деп жатышат го?

- Туура, казинолор иштеп баштаса, кумаркана ачкан ресторан, мейманканаларды «крышавайтеткен» криминалдар да, күч органдарынын өкүлдөрү да пайда болот. Ошондой эле, кумарканалар аркылуу чет элден келген акчалар да легалдашат. Кыскасы, кумаркана бюджетти толтурат дегенибиз менен ойго салган мындай маселеси да бар.

- Кыргыздар жаңы мыйзам боюнча кумарканага кирбейт дешкени менен башка мамлекеттин паспорттору менен келе берет деген ойлор айтылып жатат го?

- Убагында иштеш үчүн орусияга, Казакстанга чыгып кеткен чет элдин паспорту бар кыргыз жарандары кумарканага ойногону келе бериши мүмкүн. Негизи кумаркананы аэропорт жакка курушса болмок. Кумарканага ойноо үчүн келгендер самолёт менен келип ойноп, кайра самолёт менен кете беришмек. Тилекке каршы, андай болбой калды окшойт.

- Эми жоопкерчилик кимде болот?

- Эң чоң жоопкерчилик кумарканалардан салык жыйноочу, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү органдарда болот. Баары таза иштесе мамлекет казинодон чоң пайда тапса болот. Эгер баарын көзөмөлдөй алышпаса кумарканаларда криминалдык иштер болуп кетиши да ыктымал.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости