www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-КСДП буга чейин курултай өтөт деп жарыялап, бирок 31-мартта бир ууч топтун катышуусунда жашыруун жыйын куруп, экс-президент Алмазбек Атамбаевди төрагалыкка шайлаганы жатыптыр. Булар эмнеден коркуп жатат деп ойлойсуз?
- Азыр КСДПнын абалы кыйын кырдаалга кептелди. Экс-президент бийлигин бергиси келбей жаңы президентке болушунча бут тосууда. Бирок, партиянын көпчүлүк мүчөлөрү, коомчулук Сооронбай Жээнбековду эл шайлаган президент катары колдоп жатат. Андыктан алардын жашырынып жыйынга чогулуп жатканы өздөрүнө ишенбей жатканында.
-Ушундай жашыруун жыйында Атамбаев лидерликке шайланса кандай болот?
- Лидер шайлоодо Саясий кеңештин бардык мүчөлөрү, ар бир аймактан өкүлдөр келиши керек. Бирок, булар чочулап жатабы, “тил алчаактарды” гана чакырыптыр деп жатат. Бул партиянын аброюна чоң сокку болот. Атамбаев ушул жыйында шайланса, анын орду легитимсиз болот.
Булак: NazarNews.kg