www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызды өлтүрүп кеткен кылмышкер табылды

Милиция кызматкерлери тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин маалым болгондой, 24-мартта саат 14:45 чамасында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо конушунда зомбулук менен өлтүрүлгөн кыздын денеси табылганы кабарланган.

РИИБдин тергөө кызматы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу. Козголгон кылмыш иштин алкагында кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам аракеттер көрүлүп, милиция кызматкерлери каза болгон кыз Талас облусунун 26 жаштагы тургуну Н.А. экенин аныкташкан.

Кийинки ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин 25 жаштагы тургуну Т.Б. колго түшүрүлдү. Шектүү Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөөнүн болжолдуу маалыматтары боюнча, аталган кылмыш 2017-жылдын декабрь айында жасалган.

Шектүү кылмышты жашыруу максатында денени жаңы конуштун аймагына алып барып, таш менен көмүп койгон. Алынган маалыматтарга караганда, кармалган адам таксинин айдоочусу болуп иштейт. Учурда кылмыштын бардык жагдайлары аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Турмуш

Последние новости