www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев КРдин эл артисти, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго «Ника» жана Калькуттада өткөн эл аралык кинофестивалдын «Мыкты режиссура» номинациясынын сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Иманалиев режиссёрго чыгармачылык ийгилик каалап, байгеси менен куттуктады.

«Бүгүнкү күндө кыргыз киносунун кереметтерин жаратуучуларынын эл аралык абройлуу фестивалда негизги байгелерди утуп жатканын сыймыктануу менен кабыл алуудабыз. Андыктан кино ишмерлери үчүн мыкты устат болуп, өсүп келе жаткан жаш киноиндустриясынын сап башында болуңуз», — деди министр.

«Шамбала» тасмасы 25-апрелде «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» номинациясын утуп, Россиянын Кинематографиялык искусство академиясынын «Ника» сыйлыгына татыган.

Ошону менен бирге 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда «Мыкты режиссура» сыйлыгына ээ болгон. Анда калыстар тобун Канн кинофестивалынын лауреаты Бриллиант Мендоза (Филиппин) жетектеп, ага Сара Хох (Мексика) жана Дубравка Лакич да (Сербия) кирген.

Бул сыйлыктарды алуу үчүн режиссёр өзү бара алган эмес.

Артыкпай Сүйүндүковдун толук метраждуу «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости