www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик Думанын депутаттары Орусиянын "Ачык асман" боюнча эл аралык келишимден чыгуусун караган документти бир добуштан колдошту. Келишим 35 өлкөнүн чалгын учактарынын бири-биринин аймагында көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

11-майда президент Владимир Путин документти денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун Мамдумага киргизген. 2-июнда чечимди парламенттин жогорку палатасы - Федерациялар кеңеши жактырууга тийиш. Андан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлмөкчү. Кол коюлса, алты айдан кийин Орусия келишимден чыгат.

Былтыр майда АКШ сөз болгон макулдашуудан чыгарын жарыялаган. Дональд Трамптын администрациясы чечимин Москва анын шарттарын бузуп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Асыресе Вашингтондун айтымында, Орусия өзү гана тааныган Грузиянын жикчил аймактарынын жанынан учууларды чектөөгө, учактарды аннексияланган Крымдын аэродромдоруна отургузууга аракеттенген.

Январда орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябов Москва келишим боюнча позициясын өзгөртпөйт деп билдирген. Ага чейин Вашингтон Орусияны келишимдин шарттарын аткарууга чакырган.

Келишимге 1992-жылы Хелсинкиде кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости