Артымда “крышам” бар, билип кой?
Саясат  |   |  492

Кайсыл мамлекеттик ишкана болбосун анын деректиринин артында колдоп турган “крышасы” бар экени жашыруун эмес. Аймактардагы майлуу тармактардын чоңун ошол үчүн кызматтан жылдап алалбай убара тартып келишет. Сымап комбинаты, мунай иштеткен тармактар, кыш чыгарган заводдор, цементти элге тартуулагандар, ири тигүү цехтери, СТОлор жана башкалардын тирөөчтөрү болгону ырас. Балким өкмөттө, же президенттик аппаратта, болбоду дегенде Жогорку Кеңештин депутаты баарын көзөмөлгө алып турганы калп эмес.

Демек, акимди эле эмес керек болсо айыл өкмөтүн же болбосо “устукандуу” жердин кожоюнун иштен кетирүү тозокко айланганы качан? Биротоло тереңдеп кеткен системаны уратыш оңой эместигин моюнга алган кезибиз. Айрым тың чыкмалардын сүрөтүн кабинетине бадырайтып илип алгандар бийликке эмес ошол колдоочусуна тизе бүгүп таазим кылып жатканы кокого деле жетти. Тилекке каршы ага каршы күрөш жүргүзүүгө мамлекеттик органдар алсыз болуп жатканы кашкайып көрүнүп турат. Себеби, кимдин колдогон “дөөсү” бар экенин алдыртан сезишип, ал жерге барбай куйругун кыпчыган бойдон күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү зыйт беришет. Анан кантип биз тазаланууга, жаңыланууга баратабыз деп каратып туруп жаныбызды жеп жатабыз? Таптакыр шишип кеткендердин бирөө-жарымы кызматтан кетсе эле мына биз жегичтер менен күрөшүп жатабыз дегенден майнап чыгабы десең. Ал эми миңдеген жегичтер тиштерин май токочко матырып, калган-каткан элдин ырыскысына сугун артып жатканына не дейбиз? Эч нерсе дей албайбыз. Анткени мамлекеттик казынага кол салгандарды тазалап салуу колдон келбей жатат. Жадегенде КТРдин байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо эл өкүлдөрү жетеленме, суу жүрөк экендигин айгинелеп, ит эле болушпадыбы. Анан кайдагы реформаны былжырап жатабыз. Өөдүк-сөөдүк кепти тилин чайнап сүйлөгөн ак жакалуулардын түбүнө жетмейинче оңолушубуз кыйынга турат. Муну жакабызды кармап туруп айта алабыз.

Булак: "Ачык сөз"

Поделитесь с друзьями