www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Улан мырза, сиз саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып, жаңы автоунаадан баш тартууну кеңеш бердиңиз. Ал эмне болгон автоунаа?

– Бүгүнкү күнү жалпы коомчулукта министр өзүнө жаңы жолтандабас алганы кызуу талкууланып жатат. Мен ага ошол коомчулукта болуп жаткан сөздөрдү жеткирдим.

Туура эместигин өзү да билет. Бүгүнкү күндөгү «тез жардам» автоунааларынын акыбалын эске алганда, жалпы эле саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү эске алганда, чоңткаражат жумшап, министр Чолпонбаев жолтандабас алганы – бул элди сыйлабагандык.

– Анын баасы бери эле дегенде 30 миң доллар болсо керек?

– 89-90 миң доллардын тегерегинде экенин айтышты.

-Жолтандабас алган жатканы тууралуу маалымат канчалык чындык?

– Машина долбоор боюнча алынган да. Азыр гаражда турат. Жалпы коомчулукта талкуу боло баштагандан кийин, гаражга алып келип токтотуп коюп атышпайбы.

Керим Мурас

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости