www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү мамлекеттик кызматкерлер күнүнө карата кантип мамлекеттик кызматка келгеним тууралуу кыскача маалымат. Мен Ош мамлекеттик университетин 1994-жылы артыкчылык менен аяктагандан соң, Бишкек шаарына келгем.

Студенттик кезимде коомдук иштерге жигердүү катышып окуумду аяктагандан Бишкек шаарына келип иштесем деген планым болгон. Университетти аяктагандан кийин ар кандай тармакты тандоого туура келет. Кээ бир досторум жеке ишкерликти тандаган, кээ бирлери башка өлкөгө иштегени кетишкен. Мен Бишкек шаарына келип мамлекеттик кызматка кирип элиме ак ниет менен иштеп карьера кылууну тандагам.

Бүгүнкү күн менин жашоодо туура жол тандаганымды көргөзүп турат. Ал убакта мамлекеттик кызматкердин айлык маянасы 350 сом болчу. Айлык акынын аздыгына карабай мамлекеттик кызматкер болом, карьерамды улантып ийгиликке жетишем деп, Бишкекке келип Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттер бөлүмүндө практикант болуп иш баштагам, 1996-жылдан жетектөөчү адистен баштап, башкы адиске чейин , андан соң бул бөлүмдүн начальниги болуп иштедим.

Кийин 2005-жылдан баштап бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги, кийин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын начальниги болуп иштедим. 2007-жылдын башында Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары болуп дайындалып, ал кызматта 2015-жылга чейин ийгиликтүү иштедим.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайланып, ошол эле жылы Экономика министри болуп дайындалдым.

Мен 1996-жылы мамлекеттик кызматта практикант болуп баштап, азыркы учурда министр кызматында иштеп жатам. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө иштөөгө өзүнүн өмүрүн арнайын деп чечкендерге чынчылдык, ак ниеттик, кесипкөйлүк жана толеранттуулук негизги өзгөчөлүктөрү болуп калууга тийиш деп эсептейм. Ар күнү алга карай умтулуу жана талыкпай изденүү керек. Негизинен кызматыңды сүйүп, эртең менен ырахаттануу менен өзүң жакшы көргөн ишке, ал эми кечинде сүйүктүү үй бүлөңө кайтууну чыныгы бакыт деп эсептейм. - деген пикирин КР экономика министри ФБ баракчасынанбилдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости