www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев кыргыз аскерлери Сирияга жөнөтүлүшүнө каршы эмес.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары болгон Иманалиевдин айтымында кыргыз аскерлери мындан жакшы тажыйырба топтоп келет имиш.

Эл өкүлү аскердик доктринага ылайык өлкө террорго каршы аракеттерге катышууга милдеттүү экенин айтат. Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү катары эл аралык келишимдердин негизинде кайсы аймактагы чатактарга аскерлерин  жөнөтөрүн  өзү  чечерин, бул биздин улуттук кызыкчылыктарга каршы келбесин кошумчалайт.

-Орусия Кыргызстандын ЖККУдагы өнөктөшү.  Азыр биздин комитетке мындай сунуш келип түшкөн жок. Бирок, өлкө жетекчилиги Орусиянын сунушуна макул болсо, анда депутаттардын үчтөнэкисинин макулдугу керек болот-деди Иманалиев.

Тажыйырба топтоо ИМге каршы күрөшүү жакшы демилге. Бирок, ал согушка кимдер аттанат? Бул башка маселе. Же жакшы тажыйырба топтоп келет деп алгач, аткаминерлер өз балдарын, бир туугандарын жөнөтсө же өздөрү көч баштаса,  бул  демилгени кош колдоп колдош керек. Эгер андай болбосочу?

Мына Ооганстанда уланган 10 жылдык согушка Кыргызстандан 18-19 жаштагы күлгүндөй 7 миңден ашык  жоокер жөнөтүлгөн. Жыйынтыгы эмне болду? Канча деген энелер чырактай уулдарынан ажырап, канча деген жигиттерибиз ден соолугун жоготуп, айрымдары дайынсыз кетти. Бирок, Ооганстанда согуш токтодубу? Ким утту да, ким уттулду? Иманалиев муну да унутпай эстей жүрсө

Булак: "kaganat.kg" 

Последние новости