www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында 30 жакын маселе каралды.

ЕЭК Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын ички туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту, ошондой эле тышкы чакырыктарга туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун курамын бекитти.

Буга катар экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча 4 багытка топтоштурулган чаралардын тизмеси макулдашылды.

Ошондой эле, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- ташуучу тарабынан ташылган, же почта аркылуу жөнөтүлгөн товарлар үчүн 1000 еврого чейин жеке жактар үчүн товарларды алымсыз ташып келүү лимитин жогорулатуу жөнүндө. Лимит 2022-жылдын 1-октябрына чейин убактылуу негизде жогорулатылды;

- ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келинген товарлардын келип чыгышын документалдык тастыктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жөнүндө;

- «Евразиялык маалыматтык-эсептөө инфраструктурасы» мамлекеттер аралык программасынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө;

- мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын тизмесине дагы 52 позицияны киргизүү жөнүндө. Бул чара бул товарларды жеткирүүчүлөргө мамлекеттик сатып алууларга катышууга мүмкүнчүлүк берет жана олуттуу административдик тоскоолдуктарды жоет. 

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү дары-дармек каражаттарын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген каттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү чечимин кабыл алышты.

Негизги инновациялар электрондук документ жүгүртүүгө жана дары-дармек каражаттарынын сапатын баалоодо аралыктан процедура жүргүзүүгө тиешелүү. Биримдиктин рыногуна дары-дармек каражаттарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген жеткиликтүүлүгү боюнча жол-жоболордун үч түрү киргизилди.

Бул фармацевтикалык компанияларга жеткирүү логистикасынын үзгүлтүккө учурашына байланышкан жоготууларды минималдаштырууга жана чыгымдарды каттоодон кийинки баскычка кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Орусия Федерациясынын Москва шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости