www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириянын президенти Башар Асад Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен анын шарттары боюнча жолукпай турганын айтты. Бул тууралуу ал Sky News Arabia телеканалына берген маегинде билдирди.
"Мындай жолугушуу болушу мүмкүн эмес", - деп баса белгиледи Сирия лидери.
Асад менен Эрдогандын ыктымал сүйлөшүүлөрү бир нече айдан бери талкууланып келет. Март айында сириялык саясатчы түрк аскерлери Сириядан чыгып кеткенден кийин гана түрк кесиптеши менен жолугарын баса белгилеген. Асаддын айтымында, мындай сүйлөшүүлөр республикадагы аскерий жаңжалга чекит коюшу керек.
Эрдоган январь айында алардын жеке жолугушуусу Түркия, Россия жана Сириянын тышкы иштер министрлеринин диалогунан кийин болушу мүмкүн деп ырастаган.
Булак: NazarNews.kg