www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда ушул суроонун тегерегинде аябай көп талкуу жүрүп жаткан кези.
Менин оюмча Атамбаев Путин менен үч негизги маселени талкуулады.
1- Мураскер маселеси.
2- Өзүнүн келечеги, коопсуздугу.
3- Маевский маселеси.
1- Москва Атамбаев сунуштаган Сооронбай Жээнбековду жактырган жок. Муну кечеңдеп жаткан СДПКнын съездинен байкаса болот. Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы, президенттикке талапкер катары жалпы Кыргызстандыктардан колдоо табаарына ишеничтин жоктугу Кремлди айнытып турушу мүмкүн. Кыргызстанга коюлган стратегиялык пландарын ийгиликтүү, стабилдүүлүктө улантуу үчүн, Россияга азыр эң негизгиси эл колдоосуна чындап эгедер талапкер кызык. Эртең эмне болуп кетээр экен деген орусча айтканда "пороховая бочканын" үстүндө курулган Атамбаевдин кызыкчылыгын гана көздөгөн саясаттын Россияга кереги жок.
2- Кокус шайлоодо рейтинги "плинтустун" деңгээлинен да ылдый түшүп кеткен Мискенбаев, Ибраимов, Мусабекова, Карамушкина сыяктуулардын, Сарпашев, Өмүркулов, Исаков, Илмияновго окшогон коррупцияга белчесинен баткандардын партиясына айланган СДПК партиясы жеңишти камсыздай албай калса, Атамбаев баш паанекти кайдан издейт? Ким анын коопсуздугуна гарант болот? Бул маселе да азыр Алмазбек Атамбаевдин негизги жүрөк өйкөөсү.
3- Ө.Текебаев. Бул азыр Атамбаевди чоочуткан негизги маселе. Аны УКМКдагы инилери Абдиль Сегизбаев, Болот Сүйүнбаевдердин жана кеңешчилери Икрамжан баш болгон дордун күүлөөсү менен жалаа жаап болсо да камашын камады. Россиянын жараны Маевскийди акча берип сүйрөп келип, Текебаевге дооматты койдурду. Бирок, эми аны соттош керек. Текебаевди такыр талкалаш үчүн сот чечими чыгыш керек. Анүчүн тигинин күнөөсүн мойнуна далил менен коюш шарт. Тилекке каршы андай тастыктоочу материал бийликтин колунда жок болуп чыкты. Ал турмак алардын Маевскийинин да сотко келип бериши арсар. Бул жагынан Атамбаев Путиндинге жипсиз байланып берди. Эсиңиздерде болсо, Маевский Текебаевге каршы көргөзмө берээри менен Россия тарап ага кылмыш ишин ачып койгон. Бул Атамбаев үчүн чоң сигнал... Ал азыр Россиянын кайырмагында бир жеринен куп кана илинип турат. Эгер ал жактан башкача жел согуп кетсе, Маевский Атамбаев жана Сегизбаевдердин абийрин айрандай төгүп, тетири сүйлөп салышы да толук мүмкүн.
Азырынча Атамбаевдин Россияга болгон иш сапарынын эң негизги мактанаар көзүрү “Россия Кыргызстандын бардык карыздарын кечти” деген гана кептин тегерегинде бүттү. Башка сөз жок. Путинди мактап, жада калса өз аялынын да этникалык Россиялык экендигин айтып, анын алдына төшөлө кошоматтанып, көшөкөр сүйлөп, томсоруп гана келе бергендей.
Асан Акматов
Булак: NazarNews.kg