www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырысы тоодой Нурбек Ысыранович

Өмүр бою бажы кызматында иштеп, чиригенче байыган Нурбек Айбашев деген көпөс бар. Бул тармакта кандай артыкчылыктарды жасап, мамлекетке кандай салым кошкону белгисиз.

Биздин угушубузга караганда, ал убагында Алмазбек Атамбаевге үйүн сатып, анысын узун кеп кылганы ушул убакка чейин уу-дуу. Эми болсо темир жолдун («Северная») бажысын тейлеп, өзүнө Молдомуса Конгантиевдин баласын орун басар кылып алыптыр.

Негизи авторитеттүү адамдар менен байланыш түзгөнүнө магдыраган оорусу бар беле?

Кызыгы, кайсы бийлик келбесин Нурбек Ысыранович бажы тармагындагы «май талкандуу» кызматтардан кетпейт, тескерисинче, карьералык өсүштүн гана үстүндө.

Топ-топ алган байлыгы баштан ашып атса, бийлик үлкөндөрүнө чекесинен «жашылбайларды» ыргытып коюп, көлөкөдө жыргап жүрө береби?

Сулууланып, жасанып-түзөнгөндөн башка эл үчүн эмне кылды?

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости