www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип “аташкабыз”Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы сапары ийгиликтүү аяктап, ал тургай Орусия 20-июнда Кыргызстандын Орусияга болгон карызын кечүү боюнча протоколго да кол коюлду. –Эмне үчүн карызын кечти? –деген суроо жаралганы менен жооп жок. Ал турган кеп.

Көрсө, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 миллион долларды чапчыган. 2012-2013-жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 миллион долларын кечкен. Калган 300 миллион доллар 10 жылга созулган мөөнөттө кыскартылат деген негизде келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2016-2017-жылдары 300 миллиондон 60 миллион доллар кыскарып, жыйынтыгында 240 миллион доллар карыз калган. Тилекке каршы ошол акча кайда кетти?-деген суроо жаралат.

Эми капачылык жагына токтололу. Орусиянын айрым ММКлары Кыргызстандан барган делегациясына мыйыгынан жылмайды. “Көрбөгөн” “байкуштар”  көздөрүнө “кызыл” көрүнсө эле кол телефондоруна тарта беришиптир. Эми элестетикиле...

Баарынан да кыргыз атка минерлери, айрым чоң курсактар Кыргызстандын гимни ырдалып жатса оозуна талкан салып алгансып унчукпай тура беришкенин баса белгилеп жазышкан.

Кыскасы, биздин көп аткаминерлербиз имиджмейкер эмне экенин жана эл аралык карым-катнашты билбегендери четтен саналат. Анын кесепетинен шылдың болуп олтурушат. 7-кабатта олтуруп сүйлөп койсоңор эле кыйын болуштун кереги жок. Кыраакы коңшу мамлекеттин аткаминерлери менен журналистери, көзүңөрдүн кирпигин канча жолу ирмегенин билип, батинкеңердин чаңын, ал тургай байпагыңарга чейин сындашаарын унутпасаңар. Эмне анчалык “селфилдеп-сөлпүлдөдүңөр” түшүнүксүз. Дүйнөдө көздүн сулуулугун алган Ак үйлөр четтен саналат. Ушул Москвага барып ушунча “жинди” болсоңор, мындан кооз мамлекетти көрсөңөр батинкеңерди чечип алып басасыңар го аттиң. Кыргызды шылдың кылып бүтмөй болдуңар. Кремлди карап жылмая бербегиле, кыргыздын тагдырын кыргыз гана чечет...Кул мүнөздүктүн кереги жок, кыргыз эч качан кул болгон эмес!  

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости