www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Октябрь революциясынан кийин Кыргызстанда чоң өзгөрүү болду», - деди бүгүн, 7-октябра, NazarNews маалымат агенттигине философ Асан Турсункулов.

- Асан-агай, Октябрь төңкөрүшүнө туура бир жыл болду. Өзгөрүү барбы?

- Октябрь төңкөрүшүнөн кийин өзгөрүү жок дегенге кошула албайм. Өзгөрүү болду. Болгондо да өтө чоң өзгөрүү жүрдү. Баш мыйзам жазылды. Президенттик башкарууга өттүк. Ошондой эле, «Кумтөр» мамлекетке өтүп, эл үчүн иштеп жатат.

Жаңы автобустар келди. Жолдор оңдолуп жатат. Ал турсун жолду өзүбүз кура баштадык. Врач-мугалимдердин айлыгы жогорулап, пенсияга акча кошулуп жатат. Алгылыктуу иштер бар...

Кыскасы, бийлик алынын жетишинче иштеп жатат. Бул сөздөрдү бийликке жагынуу үчүн айтып жаткан жокмун. Көрүп-билип жаткан иштерди айтып жатам. Эмне болсо да, октябрь революциясынан кийин мыйзамдуу чекке кайттык.

- Камчыбек Ташиев кандай иштеп жатат?

- Камчыбек Ташиев жакшы иштеп жатат. Коррупция тамыр жайып алган жерди тартипке келтирүү оңойго турбасы бештен белгилүү. Ошон үчүн биздин жардамыбыз тийбесе да, жаман сөзүбүз тийбесин.

Андан көрө жапа тырмак бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биргелешип, бир-бирибиз колдоп турсак бат өнүгөбүз. Эң башкысы - ынтымактуу болушубуз керек. Ынтымак болсо ырыс толот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости