www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекендин» артынан депутаттык мандатка жетишкен Айсулуу Мамашова менен Эмил Токтошев бийликчил партияга ыктап, «Ынтымактын» тизмесине илинишиптир. Ошондо, Өмүрбек Текебаевди сатып кетиштиби? Кыйын кезеңде арка-бел болгондун ордуна «ойт» беришип, миллиондордун күчү менен кайра мандатка жетишүүнү самап турушса керек.

Административдик ресурска, акчага таянган былтыркы шайлоо кандай аяктады? Ушундайлар кайрадан таз кейпибиздин кайталанышына өбөлгө түзөбү, күч органдары адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту сактап коюшса, «Ынтымакка» ык койгондор четинен ыдырап, шайлоодон ыргып кетишпейби?

Бийликтин бетине көө сүйкөп келе жаткандар коммерсанттар экени талашсыз, бул саам дыкат көзөмөл жүргүзүлсө, акчага таянган Айсулуу Мамашова менен Эмил Токтошев кылтакка илинип, жазаланып калышы ыктымал. Өкчөлсө эле айкүр тура бербейт да, туурабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости