www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай эл өкүлү бар. Самат Ибраевдин тегерегиндеги ызы-чуу басыла элек. Ал кезинде «Саякбай» фондун түзүп, ал фонд «Манасты» элге, дүйнөгө жайылтуу, изилдөө иштерин жүргүзмөк.

Бирок улуу манасчынын атын жамынган бул фонд «Манасты» бурмалаган жайсанчылардын уюгуна айланган. Азыр иши токтоп, эмне кылып жатканы белгисиз, андан кийин Ибраев «Манас» эпосу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун алып чыкты, анысы ошол эле жайсанчылардын идеяларына сугарылган экен, коомчулук каршы чыгып, кабыл алынган жок.

Самат Ибраев акыркы мезгилде банк иштери боюнча Владимир Фролов дегенге мыйзам долбоорун даярдатып, анысын өткөрө албай, ортодо президент Садыр Жапаров колдоп жатат деп, анын атын сатканга чейин барды эле, басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев расмий жооп бергенге мажбур болду.

«Ибраев банк тууралуу даярдаган мыйзам улутка коркунуч алып келет» деп айткан Толкунбек Абдыгуловго асылып жатып, аны алып түштү. Борбордук аянтта болсо «Самат Ибраев алган акчаларын бербей жатат» деген митинг болуп өттү.

Депутат болсо алган карыздарын баласына шылтоодо. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» да. Ушундан улам, акырын сүйлөп, сыртынан маданияттуу көрүнгөн бул эргул чындыкты бетине айткан депутат Мирлан Жээнчороев менен эркекче сүйлөшем» деп эдиреңдкгкн. Аныгында, Самат Ибраев эл аралык аферисттер менен табакташ, криминал болуп жүрбөсүн, ыя?!

Булак: Азия News гезити

Последние новости