www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“NazarNews” маалымат агенттиги эки тилде бирдей чыгарма жаза алган, ар тараптуу талант Асан Жакшылыков менен баарлашып, залкарлардын жүрөгүн өйүгөн айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Асан агай, залкарларды учурунда баалабай, көзү өтүп кеткенде жер муштап калган жайыбыз бар. Ал адатыбыз качан калат?

--Ал адатты калтырыш үчүн ичи тардыктан кутулуп, жашоого сергек мамиле кылып, кыраакы болушубуз керек! Ошондой эле кимдин ким экенин убагында баалаш үчүн элдин түшүнүгү, эстетикалык жактан көз карашы өсүшү зарыл. Байлардын медцанаттык маданияты пайда болушу керек. Өкмөттүк фонд көөнөргүс таланттардын көзүнүн тирүүсүндө иштеп калышына шарт түзүп, халтурщик жылдыздардын жапайы армиясын теске салышы керек. Журналисттер да чөп оттоп кетпей таланттарды көзү тирүүсүндө колдогонго тааныштырып, баалап жазганды адатка айлантышы зарыл маселелерден.

--Айткан сөзүңүздө  калет жок. Залкарлар жогору жактын сыйына татыш үчүн эң жогорку кызматтагы адамдар сөзсүз театрга, филармонияга барып, акындардын айтышын, ырын угуп, таасирлениши керекпи?

--Ал үчүн элита толук калыптанып, эл өзүн сыйлаганды билиши керек. Ошондой эле күнүмдүк арпы-тарпы турмуш менен көөнөргүс байлыкты салмактап көрүп, түбөлүктүү байлыкты баалай билүү чоң саясатка айланышы керек.

Залкарлар эл менен кудай алдында жооптуу ошондуктан жагайын деп жанталашышпайт. Ошон үчүн  текеберленген чоңдорго жакпай калышат. Негизи бул нерсе  мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

--Жогоруда элита тууралуу жакшы мүнөздөмө бердиңиз. Элитаны кантип калыптандырабыз? Эптеп депутутат болуп алгандар элитабы же элита деген башка талаптарга жооп бериши керекпи?

--Окумуштууларды, таланттарды талаага таштап коюп, жалаң пайдакечтикти идеология кылып алсак элита калыптанмак беле? Колтукка кирген кошоматчылыктын да залалы чоң да.

Депутаттар чындап электен өтпөй ар кандай ыкма менен депутат болушат. Эгер алар айткандай элита депутаттардын тобунан түзүлсө, саясий элитабыз бар болсо, өлкөбүз мындай ахыбалда калбайт эле го. Бизде болгону бийлик талашуу, байлык бөлүштүрүү бар, саясатчы мындай дегендер сансыз, бирок негизделген саясат жок ошонун кесепети оор болуп жатат.

--Элита калыптанмайын эл, улут болуп уюбайт деген пикирлер арбын айтылат. Мунун чындыгы барбы?

--Ооба, бул тарыхый далилдеген чындык! Элди эл кылып турган руханий катмар сөзсүз  керек...

--Кайсыл залкарлар  өз учурунда татыктуу баасын алышкан?

--Ар бир чыныгы талант дароо эле элдин көзүнө урунат, ошондуктан тарыхта аты калат. Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкыев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу залкарлар өз убагында бааланган. Башкаларды да баалаганды үйрөнсөк  жакшы болот эле.

--Эт жүрөктү эзип, 42 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан Элмирбек Иманалиев бааландыбы?

--Жаш курагында Элмирбек "эл артист" наамын ээ болгону бааланганы! Өкмөт же колунда барлар турмуштук көйгөйүн чечүүгө  жардамдаш болсо андан бетер жакшы болмок.

--Мамлекет Элмирбек Иманалиевдин артында калган балдарын камкордукка алышы керекпи?

--Өкмөт мыйзам чегинде камкордукка алаар, элдеги азаматтар да ушуну ойлошу керек. Айрыкча Осмонбек Артыкбаев сыяктуулар кол-кабыш кылса жакшы болмок. Андан башка Элмирбектин чыгармачылыгын урматтагандар деле артында калган балдар-кыздарын камкордукка алса, ашыкча болбойт эле. Чиедей жаш  балдары менин да жүрөгүмдү өйүп турат!

--Асан агай, комкордук демекчи, мамлекетибизде атак-даңкы таш жарганы менен жардамга муктаж залкарлар барбы? Аларды мамлекет колдоого алабы?

--Социалдык министр Улукбек Кочкоровго атайы кирип аялуу жардамга муктаж катмар менен кошо эл сыйлаган, эмгеги сиңген таланттууларды колдоо боюнча сунуш бергем. Элдин залкарларын өкмөттөн атайын жарлык чыгарып колдоо кылбайсыңарбы деп себебин түшүндүргөм. Түшүнгөн бирок жооп болгон жок, азыркы чоңдордун мансабына пайдасы тийе турган жактарды тез бүтүрөт эмеспи.

--Залкарлар сыйлык алса эле маселеси чечилди, бааланды деген көз караш туурабы? Алардын  элге айталбаган  муктаждыктары кайсылар?

--Айтканың туура. Чыгармачыл адамдарга такыр өтө оор. Чыгарма жаратабыз, аны чыгаруу бир азап, анан саттыруу машакаты андан өтөт... Элдин кыйналып жатканын көрүп өз жүгүбүздү өзүбүз жеке көтөрүп келатабыз. Маданият Министрликке айлык үчүн бир аз каражат каралат, чыгармачыл союздар кароосуз талаада калган. Жеке адамдарды айтпай эле коелу. Бирок таланттарга жеке адамдар системдүү көңүл бурган заман жакында келбейт окшойт. Биздин элге  капитализм эмес, социализм керек окшойт деген ойго кептелесиң.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости