www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык штаб чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторингди жарыялады.

Чехия буга чейин коронавирустун жайылышынан улам киргизилген өлкөдөн чыгууга тыюуну жокко чыгарды. Чехиянын саламаттыкты сактоо министри Адам Войтех 12-мартта өлкө боюнча киргизилген жарандардын эркин жүрүүсүнө тыюу салуу боюнча чечимди жокко чыгарган. Адам Войтех коомдук жерлерде он адамдан ашык топтолбошу жана баары беткапчан болушу керек деген негизги шарттарды атады.

Президент Трамп июнь башталганга чейин же андан кийин социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштук чараларды узартуу мүмкүн экенин билдирди. Трамп буга чейин май айынын башында карантиндик чараларды алып салуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айткан.

Великобританиядагы Оксфорд университетинде ыктыярчыларга COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын эксперименталдык сыноолору башталды, бул коронавирустан коргонуу каражатын издөөдө буга чейинки изилдөөлөр тобундагы акыркы аракет.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавируска каршы ийгиликтүү вакциналардын катарына тогуз россиялык иштелмени кошту. Алардын алтоосу “Вектор” Вирусология жана биотехнология мамлекеттик илимий борборунда иштелип чыккан.

Нагасаки япон түштүк-батыш портунда байланган италиялык круиз экипажынын 91 мүчөсү коронавирус жуктурган. Ушул жумада бирөөсү инфекция жуктургандан кийин экипаждын 623 мүчөсүнүн ичинен 290 мүчөсүн болжолдуу текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Ал эми кимден терс жыйынтык чыкса, алар мекенине кайтат деп билдирди Япониянын саламаттыкты сактоо министри Катсунобу Като.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости