www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку кеңештин депутат Исхак масалиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төрага Дастан Жумабековго кайрылып, билдирүү жазып чыкты.
Депутатын билдирүүсү төмөндө:
“Бизде Конституцияга ылайык парламенттик-президенттик башкаруу. Бирок Жогорку Кенештин ишмердуулугу көрүнбөйт. Төрага баардык координациялык иштерди жүргүзүш керек, бирок андай болбой жатат.
Өкмөт президенттин гана буюртмаларын так аткарат. Депутаттардын пикирин, биздин ойлорубузду карап да койбойт.
Мен ЖМКлардан окудум - Президент биринчи вице-премьер-министрди, вице-премьер-министрди жана министрди кабыл алды. Алар коронавируска каршы күрөшүү жана калкка жардам көрсөтүү жана башка маселелерди талкуулашты. Бул албетте жаман эмес, бирок ... бизде парламенттик-президенттик башкаруу формасы бар, жок дегенде Конституцияга ылайык.
Сессия учурунда биздин төрага мени укпагандыктан, мен бул жерден кайрылып кетем - эмне үчүн сиз Дастан Артисбекович муну кылбай жатасыз? Сиз республиканын эң жогорку бийлигинин башчысысыз, бийликтин аткаруу бийлигинин ишин азыр координациялоого милдеттүүсүз! Ушундан улам ой келет-а бизге парламенттик башкаруу формасы керекпи?!?”,-деп депутат Исхак Масалиев спикер Дастан Жумабековго кайрылды.
Булак: NazarNews.kg