www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-апрелде Ош Эл аралык аэропортуна Польша мамлекетинен COVID-19 илдетине каршы күрөшүү аракетинде Кыргызстанга колдоо максатында 11 адамдан турган вирусолог адистер келип түштү. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Делегацияда КР дин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев баштаган топ тосуп алды.

Польшадан келген адистер Ош шаарында, Ош облусунда анан Жалал- Абад облусунда изолятордук мекемелерде иштешет, инфекциялык оорулуулар менен күрөшүү боюнча жардам берет жана тажрыйба алмашат. 

Аткарган иштери, алардын жыйынтыгы медициналык, эпидемиологиялык божомолдоолор боюнча 27-апрелде Ошто маалымат жыйынын беришет.

Эске сала кетсек, Польшадан келген адистер, Бишкек шаарына 20-апрелде келишкен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости