www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги акын, драматург, жазуучу, котормочу Асан Жакшылыковду кепке тартып, шайлоого шымаланып жаткан күчтөрдүн арасында бийлик сестене турган оппозиция барбы?-деген суроого жооп алдык.

-Асан агай, шайлоого катышабыз деп шымаланып жаткан партиялардын ичинде бийликке чыныгы атаандаштыкты жараткан оппозициячыл күчтөр барбы?

-Азыр бизде бийликте турган партия жок. Ал эми президентке оппозиция дейин десек, президенттик эмес парламенттик шайлоо. Менин баамымда азыр партиялардын ортосунда гана мүмкүнчүлүктү талашуу жүрүп жатат. Биздеги партия деп аталгандар вождизм принцибин карманышат. Акчага таянышат. Шайлоо биржа сыяктуу болчудай. Эгемен доорунда идеологиясы бар партия жок болгондон кийин, чөнтөкбайлардын көк бөрүсү сыяктуу көрүнүштөр болот да. Мурдагы 5 жолку шайлоодо 5-00 менен шайлоочу эл утулган. Ушу шайлануучулар менен шайлоочулардын ортосундагы көрүнүш 6-00 деген жыйынтык менен дагы эле шайлоочулар утулат окшоп калды.      

-Эмнеге антип ойлойсуз?

-Анткени, эл кызыкчылыгына бекем турган саясий күч жок. Шайлоо эмнеге өтүп жатканы түшүнүксүз. Эл кандай мекенибизде өнүгүштү каалайт? Капиталисттикпи - байлардын кызыкчылыгын коргогон. Же социалдык өнүгүш багыттагы жолду тандаган партияларбы? Же улуттук өнүгүү максатын көздөгөн партияларбы, айтор идеологиясы такыр эч кимге айкын эмес аламан байгеге түшкөн 40 топтун кимиси оппозиция, кимиси позиция экенин бир кудай билбесе, азыр бийлик талаштын жапайы чөнтөк пул гана кармашы жүрөт. Анык партия дегендей партияларыбыз жок. Бирок, өкүнүчтүүсү жок партияларга силер партиясыңар деп элдин саясий укугу ыйгарылып калганына көп болду. Өкүнүчтүүсү, шайлоого дагы эле ошол зыяндуу жол менен бара турган болуп жатабыз. Төө кыядан өткөн соң оо дегениң курусун деген абалга бара тургандай ахыбалда турабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости