www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев Путинге бир «Боинг» учагын белекке берген! Бул тууралуу журналист Асейин Саралаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кыргызстандын туңгуч Президенти Аскар Акаев Россиянын олигархтары жашаган айылында «кол тийгис» болуп жашоо үчүн жана Кыргызстандын Атамбаев башкарган бийлигине «Мэ, энең!» деп койсун деп РФнын Президенти В.В. Путинге 2012-жылы бир «Боинг-777» учагын белек кылган.

Белек Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын сиңдиси тарабынан берилген. Ал жерде «Ашаттыктын» ушакчылары шам кармаган жеңе милдетин аткарышкандыктан күбө болуп турушкан. Бул тууралуу Россиянын «Чмолор» деген телеграмм каналы иликтеп жазды»,- деп түшүңдөн чоочугандай ушактарды ойлоп таап башы-көзүнө койгулап урдура берсе болобу? Кудайдан корксоңор боло? Бир күн Бакиевдерди каралап, жамандабай калсаңар кысыр каласыңарбы?

Акыркы күндөрү «Эл башчысы» Курманбек Бакиевди Кыргызстанга келет экен деп жаны чыккан бир ууч топ өздөрүнө окшоп көчүк чукуган тарабынан биринчиликти бербеген Беларусь өлкөсүнүн «Тез көр! Өчүрүп салам! Өлтүрдү! Эркекче айтып салды!» деген форматта ушак тараткан аты-жыты жок телеграмм каналдарын жалдырап карашып, эптеп эле Бакиевдерди жамандаган маалыматтарды издеп калышты!

Албетте ал өлкөдө дагы Лукашенкону көрө албай кетиребиз деген эштекбайлар иттин кара капталынан. Алар биздин ушакчылар менен жалакоорлордон ат чабым алдыда турат. Алар күн сайын Лукашенконун баскан изинен дагы жамандык издешет. Ушакташат! Жамандашат! Каралашат!

Анан ошолордун ушагын чыныгы факты сыяктуу тараткан «Азаттык» аман эле болсун! Бакиевдер Лукашенкого коопсуздугу үчүн бир машине жана мотоцикл берген имиш... Эми ушул ушакка ким ишенет, кокуй? Эмне Лукашенкодо унаа же мотоцикл жокпу? Ошол белектерди бакиевдер берген деп тастыктаган документтери кана? Кана далил?

Былжырап ушак тараткандын дагы чеги болот!

2010-жылы кандуу төңкөрүш болуп Президент Курманбек Бакиевди бир катар өлкөлөр чакырышып, алардын ичинен Лукашенко кучак жайып тосуп алганын баарыбыз билебиз. Лукашенко мен же сиз эмес!

Ал дүйнөдөгү сөзү өтүмдүү лидерлердин бири! Эми ошол Лукашенко өзү сыяктуу бир өлкөнү татыктуу башкарган Курманбек Бакиевдин коопсуздугун темир-тезекке бааламак беле? Болду эми Атамбаевдин заманы жок! Ушактын энелери болгон Фаридиңер да, Адилиңер да жок!

Бакиевдер жөнүндөгү ушактарга делдейип ишенгендердин саны күн сайын кыскарууда!

Кудай буюрса «эл башчысы» Курманбек Бакиевди ала-тообуздан тосуп алабыз!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости