www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия: Быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт

Быйыл Жаңы жылдын түнүндө Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык салют атылбайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Экологиялык себептерден улам Жаңы жылдагы салттуу, майрамдык фейерверкти уюштурбоо чечими кабыл алынды. Баш тартуудан улам пайдаланылбай калган каражат (800 миң сом) башка маанилүү максаттарга пайдаланылмакчы", — деп айтылган маалыматта.

Муниципалитет баш калаадагы экология менен коопсуздукту сактоо максатында элди петардаларды сатып албоо жана жаңы жылдык майрамдоо учурунда колго жасалган фейерверктерди колдонбоону өтүнгөн.

Маалыматта ар күз-кыш сайын шаарда жылытуу мезгилинен жана автоунаалардын күйүүчү май колдонуусунан улам аба бузулуп жатканы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости