www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эркектерди магниттей тарта турган аялдардын жалпы сапаттары боюнча төмөндө билип алганыңыз ашыкча эмес. Кеттик анда!
Бала кыял аял
Баладан өткөн сүйкүмдүү көрүнгөн ким бар? Бала кыял кыздар жигиттерге абдан жагат. Эгерде аялда баланыкындай кандайдыр бир мүнөздөр болсо, чыныгы мырзалар аны коргогусу келип турат. Албетте, ал өзү балалык сезимдерден жогору өскөн адам болсо. Мырзалар мындай аялдардын шайырдыгын, оюнкарактыгын жактырышат. Себеби, баёо сезим, бала кыял айымдар кыйын жана зериктирме жашоону көрккө бөлөп, күн сыяктуу жаркырап чыга келгенге даяр.
Табышмак аял
Баардык эркектер аялдардын бир аз да болсо табышмактуу, сырдуу болушун каалашат. Алтургай аял жашырып жүргөн сырдуулуктар менен табышмактардын арасында жакшы нерсе көп болорун айтышат. Анткени аялды күн сайын кызыктуу китептей ачып окуп туруу – ага карата мамилени жакындатат.
Уялчаак, назик айымдар
Көпчүлүк эректерди аруулук жана тазалык өзүнө тартат. “Жибектей чоюлган кыз экен” деген сөздү угуп жүрсөңүз керек. Айрым мырзаларга чындап эле уялчаак, адептүү, тартиптүү кыздар жагат. Эгер кыздар баёо болсо, аларга акыл үйрөткүсү келген мырзалар өздөрүн акылман сезип отуруп, аялдын торуна кантип түшкөнүн байкабай калышат. Аялга бир нерсени айтып, ага мугалим болгон учур кээ бир мырзаларга майдай жагат. Себеби, эркек мындай аялдын жанында өзүн баатыр жана коргоочу сезе алат.
Өзүнө ишенимдүү аял
Мырзалардын көзүнө өзүнө ишенимдүү болгон жана ийгиликтүү карьера кура алган аялдар да абдан тартымдуу көрүнөт. Бирок аялзаты бул жерде өзүн адекваттуу баалай билиши керек, ашыкча бой көтөрүп, текеберленген аял эч кимге жакпайт. Аял өзүнүн алсыздыгын күчтүү эркектер менен тең жарыштыра албайт.
Эне болгон аял
Эркек баары бир табиятында чоң бала бойдон кала берет. Ал жандүйнөсүнүн бир бөлүгүндө аялдын мээрими менен камкордугуна муктаж. Мырзалар жүрүм-туруму өзүнүн апасыныкына кайсы бир нерселери менен окшош аялдарды дароо жактырышат.
Булак: Азия News гезити