www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы өлкөнүн эли спирт ичимдигине өтө эле жакын?

Австралиялыктар дүйнөдө спирт ичимдигин эң көп ичкен улутка кирет. Бул тууралуу ичимдик жана баңгизат боюнча глобалдык изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, РИА Новости жазды.

Докладда айтылгандай, Австралия тургундары башка мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу ичимдикке жакын келет. Алардын катарында Дания менен Финляндия эли да бар. Изилдөөгө алынган мамлекеттердин баарында аялдарга караганда эркектер көп мас болору айтылган.

"Австралиялыктар жумасына эки ирет ичет. Бул жылына 106 күн болуп эсептелет. Мындай көрсөткүч боюнча Франция алдыда. Аларда жылына 132 жолу ичимдик ичилсе, экинчи жана үчүнчү орунда Жаңы Зеландия жана Нидерланддар турат", — деп жазылат маалыматта.

Мас болуп соолуккандан кийин көп учурда ирландилыктар, поляктар жана жаңы зеландиялыктар өкүнүп калары айтылды. Ошондой эле бардык мамлекеттерде тең эркектерге караганда аялдар ичкен соң бармак тиштеп калары маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости