www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоодо Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарындагы жарандардын көбү «баарына каршы» пунктуна добуш беришти. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов «Биринчи радионун» эфиринде аталган округдардагы кайра шайлоо тууралуу айтып берди.

«Бул биринчи жолу эмес. Илгери Кочкор округунда да ушундай болгон. Ал жакта бир талапкер болуп, «баарына каршы» позициясы жеңген. Бул шайлоочулардын саясий маданияты жогорулаганын далилдейт. Ошол округдагы шайлоочулардын талапкерлердин эч кимисин парламентте көргүсү келбегендигинин белгиси. Ошого карабай айрым талапкрлер, кайра саноону талап кылып, мыйзам бузуу болгонун айтып жатышат», - деди Бекматов.

Анын айтымында, округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын БШКга берет.

«Андан соң БШК шайлоону жараксыз деп табат дагы кайра шайлоону дайындайт. Бул чечим 2 күндүн ичинде ЖМКда жарыяланышы керек жана 2 айда кайра шайлоо өтүшү зарыл. Мисалы, Жогорку Кеңештин дептутаттарын шайлоо 90 күндө өттү. Кайра шайлоодо мөөнөтү 30 күнгө кыскарат дагы, 60 күндө өткөрүлөт. Мурдагы талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт», - деди Бекматов.

Биринчи май округундагы кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы:

Талапкердин аты-жөнү Добуштардын
саны
%
№1 АСКАРБЕКОВ МАВЛЯН АМАНГЕЛЬДИЕВИЧ 3 519 9.85%
№2 МАРЛИС УУЛУ ЭДИЛ 1 894 5.30%
№3 АКЫЛБЕКОВ РУСЛАНБЕК АКЫЛБЕКОВИЧ 5 574 15.61%
№4 АБДРАМАНОВА ЭРКИНГУЛЬ АБЫЛОВНА 1 886 5.28%
№5 КОЙЧУМАНОВ МЭЭРИМБЕК НУРБЕКОВИЧ 4 248 11.89%
№6 АБДРАЗАКОВ БЕЙШЕНБЕК ТОКТОБАЕВИЧ 1 488 4.17%
№7 ТОКТАКУНОВ НУРБЕК АКБАРОВИЧ 4 063 11.38%
№8 БААРЫНА КАРШЫ 11 780 32.98%

Свердлов округундагы кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы:

№1 САМАКОВ НУРДИН ТАЛАНТБЕКОВИЧ 2 402 7.56%
№2 КЕНЖЕБАЕВ АКНАЗАР АСКАРБЕКОВИЧ 1 713 5.39%
№3 ДАЙЫРБЕКОВ ТААЛАЙБЕК ЭСЕНБЕКОВИЧ 5 481 17.24%
№4 МААТКАБЫЛОВ ЫРЫСБЕК ШАРШЕНБАЕВИЧ 8 814 27.73%
№5 БААРЫНА КАРШЫ 11 923 37.51%


Булак: NazarNews.kg

Последние новости