www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч күндөн бери Кыргызстандын жарандары 28-ноябрда өткөн шайлоонун 100% жыйынтыгын күтүп жатат. Бирок, маалыматта 99,96%ы га көрсөтүлүп турат, бир протокол иштелип чыга элек.

Маалыматка ылайык, чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын биринин маалыматтары жана протоколунун түп нускасы ишемби күнү гана алынган.

"Азыр алар иштелип бүттү. Жыйынтыгы жакынкы аралыкта, болжол менен бир сааттан кийин чыгарылат", - деп белгиледи Борбордук шайлоо комиссиясы.

Учурда VII чакырылыштагы парламентке алты партия киргени белгилүү болууда:

  • "Ата Журт Кыргызстан" – 17,31%.
  • Ишеним – 13,63%.
  • Ынтымак - 11%.
  • Альянс – 8,33%.
  • "Бүтүн Кыргызстан" – 7,03%.
  • Ыйман Нуру - 6,15%.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости