www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-декабрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын пезиденти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурдан пайдаланып, Өзбекстандын президенти телефон аркылуу президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу күн тартибин жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өзбек кесиптешине жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен достук жана конструктивдүү ишти улантууга даярдыгын тастыктады.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоонун, Кыргызстан менен Өзбекстандын калкынын жыргалчылыгы үчүн эки тарапка пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости