www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир шаарда өзүн аябай билимдүү, такыба жана диндар сезген бир текебер адам жашачу экен. Ар дайым өзүн адамдардан өйдө коюп, Жаратканга жасаган ибадаттарын да "Эл айтсын, эл мактасын" деген ниетте кылчу эле. Анын бул мүнөзүн туура эмес дегендерди укпай кез келген жерде өзүнүн жасалма кылыгын токтотпой улантып жүрдү. Ал үчүн башкалардын анын намаз окуганына, орозо кармаганына, кооз кырааттар менен куран окуганын мактап айтканы өтө маанилүү болчу...

Кыштын аяздуу түндөрүнүн бири болчу. Тиги киши жамаат менен Куптан намазын окуп бүтүп караңгы көчөгө чыгып үйүнө бара жатып кайра эсине бир нерсе түшкөндөй бош турган мечитке кайрылып келип минбардын түбүндө үнсүз отурду. Мечиттин жарыгы өчүп ичи караңгы болгондуктан улам терезден төгүлгөн айдын үрүл-бүрүл жарыгын улам карап коюп кимдир бирөөнү күтүп жаткандай отура берди. Көп өтпөй арка тарабынан мечиттин эшиги "кыйч" этип ачылып ичкериге кирген аяз менен кошо бир адам кирип намазга тургандай сезилди.

Ушуну эле күтүп тургандай тиги адам ордунан турду да үнүн чыгарып ниет кылып тахажжуд намазын окуганга киришти... Улам арка тарапка кулагын төшөп коюп "Эртең мени таң атканча тынбай намаз окуду, укмуш намаз кылды, аябай такыба адам экен" деп шаарды дүңгүрөтө айтып чыксын деп көл-шал тердеп чарчагына карабай түнү бою намаз окуп чыкты... Анан таң агарып мечиттин ичине жарык түшкөндө намазын бүтүрүп, өзү билген узун сүрөлөрдөн созулта куран окуп кирди. Анан өзүнүн кооз чыгарган добушуна өзү куштар болуп аркасында отурган адамды дуба кылып койсун деген ниетте артын карабай туруп:

- Таксырым, дуба кылып коюңузчу?,- деди калп ыйламсырап. Бирок арттан жооп чыкпады... Укпай калды го дегенсип дагы бир жолу суранды. Тымтырс... Адам сыяктуу сыйлап дуба кыл десем текебердик кылганы эмнеси деп ачууланган киши артын караса, тээ мечиттин эшигинин түбүндө чоң кара бүрүшүп жаткан экен...

Ошол жерден эсине келген киши башын мыкчып бакырып:

- Ооо, Жараткан Алла Таалам! Мендей адепсиз, ыйманы жок кулуңду кечире көр! Мен сенин ыраазычылыгың үчүн эмес, таң атканча кара ит үчүн намаз окуган экенмин да?! Мендей макоо, текебер, эки жүздүү кулуңду кечире көр! Бир ит менен эле тарбиялап койгон улуулугуңа жаным курман!! Тобаа кылдым! Тобаа кылдым!,- деп боздоп ыйлады.

Ошол күндөн кийин тиги киши эл көрсүн деп ибадат кылганын, адамдарды теңине албаган текеберлигин токтоткон экен...

Тилекке каршы бул күндөрдө да "Эл көрсүн, эл айтсын, эл билсин" деп дин жолун туткандар, кайрымдуулук кылгандар четтен чыгат... Сөзсүз эле кара ит керек эмес да? Аллахым жүрөгүбүзгө ыйман берсин...

Асейин Саралаев, журналист 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости