www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги бул сапар Ветеринар илимдеринин кандидаты, вирусолог Узакбаев Талант Макишовичти кепке тартып, короновирус боюнча маалымат алууга аракет кылдык.

--Талант Макишович, коронавирус канча градус ысыкта  жок болуп жашай албай калат? Күндүн  ысыганы вирустун жоголушуна шарт түзөбү?

--Коронавирус сырткы чөйрөдө болсо, 28 градустан жогору  ысыкта  бир саатта  өлөт деген  маалыматтар бар. Ошондой эле 70-80 градус ысыкта турган жеринен өлөт деп айтылат. Ошол жагын эске алганда коронавирус күн ысыса биротоло жок болбосо да, вирус азаят деген үмүттөбүз.

--Бул вирустун кооптуулугу эмнеде?

--Коронавирустун кооптуулугу ага каршы куралдын жоктугунда. Тагыраагы, бул вирусту биротоло жок кылып сала турган же алдын ала турган ок дарыбыз, куралыбыз жок болуп жатат. Коронавирустун өзгөчөлүгү организмге киргенден кийин  бактерияларды козгоп, эски оорууну күч алдырат. Учурда симптоматикалык дарылар менен симптомдорун гана дарылап жатабыз. Бул вирус эски ооруларды козгоп, анын кесепетинен адамдар өлүп жатат. Келечекте спецификациялык дарылар, вакциналар чыгат.  Ага чейин симптомдор менен күрөшүүгө аргасызбыз.

--Корнавирус көз аркылуу да жугат экен. Көз айнек да кийгиле деген пикирлер айтыла баштады. Көздөн да жугушу мүмкүнбү?

--Жугушу толук мүмкүн. Инфекция кайсы жерден кире алса, ошол жерден жугат. Анткени, коронавирус көз, мурун, ооз аркылуу да жугаары айтылат. 

--Бул вирус дагы кайталанышы мүмкүнбү?

--Коронавирусту  кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, бул вирус дүйнө жүзүндө циркуляция болуп жүрөт. Ошон үчүн жоголуп кетпей   кайталанышы толук мүмкүн. Коронавирус жашаганга ыңгайлуу бардык шарттар бар. Ал адамдын организминде комфорту сезип жаткандан кийин   сөзсүз жугат.

Мындан кийин кайталанса, симтомдору башкача болушу мүмкүн. Адам келечекте чыккан вакцинадан алса, организмди күчтөп, вирус менен күрөшүүгө  аны жеңүүгө камылга көрсө, вирустун коркунучу азайышы мүмкүн. Анткени, дүйнө жүзүндө оорубай жаткан  адамдардын плазмалары менен дарылап жатат. Ошондой эле вирусту алсыраткан, жок кылган спецификалык дарылар көбөйүшү, адамдын организми  вирустан  күчтүү болушу мүмкүн.

--Бул илдетти дарылоого 3000 долларлык каражат кетет деген маалымат коомчулуктун сынына кабылды. Чын эле коронавирусту дарылоо ошончолук кымбатка турабы?

--Муну айтыш кыйын. А дегенде дарылануунун өздүк наркын чыгарыш керек. Бирок, канча сындасак да арзан болбойт деген ойдомун. Анткени, дарылоо үчүн бейтапка диагноз коюлуп, тест системалары пайдаланылат. Тест системалары өтө кымбат турат. Чындап илдетке кабылганын же кабылбаганын билүү үчүн бир эмес, эки жолу тест системасы колдонулат. Андан кийин кымбат антибиотиктер, симптоматикалык дарылар дагы  башка дарылар берилет. Ошондой эле өздүк наркты чыгарыш үчүн медициналык кызматкерлердин эмгек акысы, тамак-ашы, жаткан жатаканасы кирет. 14 күн дарылап бүткөндөн кийин да адам чын эле дарыландыбы? Канында вирус калган жокпу деп, ал андан ары вирус таратуучу болуп эсептелбейби, үйүнө барса да башкаларга жуктурбайбы деген өңүттө дагы  чоң каражат талап кылган текшерүүдөн өтөт. Мен 3000 доллар кетер кетпесин анык билбейм. Бирок, тест системаларын алуунун өзү чоң каражатты талап кылаарын билем. Америкада бир бейтапка 37 миң доллар кетип жатканын айтышууда. Ал жакта баары кымбат. Мүмкүн биздин жарандарга жогорудагы процедураларына чоң эле сумма короп жаткандыр.

--Айтканыңызга, аргументтериңизге ынаналы. Бирок, социалдык тармактарда мага бир тоголок дары бербей туруп, айыгып чыкты дегендердин тизмесине кошуп жатат деген да видеолор тарап жатат го?

--Социалдык тармактарда мага бир да дары берген жок дегендерге ишене бербейм. Анткени, дары бербей кантип жаткырып коюшмак эле. Мүмкүн диогноз коюлгуча жаткандыр. Мүмкүн андан коронавирустун белгилери байкалбай калгандыр. Ошон үчүн дарылашпагандыр. Оорунун белгилери байкалбаганы адамдын өзү  үчүн жакшы да. Ошон үчүн социалдык сеттерге андай нерселерди тараткандан алыс болушубуз керек. Ансыз да медиктерибиз оор шартта күнү-түнү иштеп жатышат. Аларга сокку урбай колубуздан келсе, жылуу сөз айтып, жок дегенде моралдык колдоо көрсөтөлү.

--Коронавирус  жок иамлекет акча алыш үчүн эле жоктон бар кылып, жомок кылып жатышат деген пикирдегилер бар го...

--Бул вирус жок эмес, бар. Жомок эмес, андан дарыгерлер да жабыркап, акыбалы оор болгондору да бар. Жасалма жол менен вирус чыкты деп эч ким акча алууну максат кылбаса керек. Илгери куш тумоосу чыкканда дагы ушундай кептер болгон. Бирок, ал мынчалык жайылган эмес. Коронавирус адамдын эле ден соолугу эмес, дүйнөлүк экономикага да сокку уруп, көп мамлекеттин шайын оодарып, паралич кылып, кыйын абалга кептеп койду.

--Ойлонуп табылган вирус деген да варианттардын чындыгы барбы?

--Ойлонуп табылган вирус да болушу мүмкүн.  Бирок, ким ойлоп тапса дагы токтотконго күчү жетпей калган. Ошон үчүн дүйнөлүк экономикага чоң сокку урду. Эми вирус келгенге чейин анан вирустан кийинки абалыбыз дегендей жашообузда өзгөргөнү байкалып калышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости