www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сууга түшүп кеткен 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызсматы билдирди.

"Бүгүн, 25-апрелде Өзбекстандын суу чарба башкармалыгы тарабынан Наманган каналында белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылганы кабарланды. Маркумдун денесин кароо учурунда буга чейин изделип жаткан бала экени аныкталды. Саат 14:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 23-апрелде Үч-Коргон айыл аймагынын Катраңкы айылында Наманган каналына 2009-жылы туулган жаш бала сууга түшүп кеткендиги, издөө иштерине куткаруучулардан тышкары жергиликтүү тургундар дагы тартылганы малымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости