www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Асейин Саралаев, генерал Жаныш Бакиевдин туулган күнүнө карата куттуктоо жазып өзүнүн калемине таандык ыр саптарын жазды.

Жаныш агам, теңдеши жок генерал,
Ак мээнеттен бар кадырын топтогон.
Мекен үчүн кызмат кылган татыктуу,
Генерал жок агам сизге окшогон!

Уят кылбай кыргыз элдин намысын.
Мыкты окуган Караганды мектебин.
Жаш лейтенант союз элин таңкалтып,
Кылмышкердин берип турган эсебин.

Жылдар өтүп кызматында такшалып,
Кыйын иштеп жетектеген көп жерди.
Генералдык наамды бербей кызганып,
Башкалардан кечиктирип наам берди.

Генералдык наамы дайым жарашып,
Кайда болсун калыстыкты жактаган.
Президентке тирек болуп ар дайым,
Өлкөбүздүн чоң намысын сактаган.

Агамды айтсам сөз учугун түгөтпөй,
Көралбаска калат окшойт күн өтпөй.
Ансыз деле душман көрүп өзгөнү,
Өз кылыгын өрттөгөн көп түтөтпөй.

Бети ачылып жүзүн каткан канкордун,
Өз көздөрүн чукуп жатат өздөрү.
Сиздей болгон генералдар керек деп,
Акыйкатты көрдү акыры көптөрү.

Келген экен пайгамбардын курагы,
Куттуу болсун агам туулган күнүңүз.
Жаратканым берип дагы көп жашты,
Бакай сындуу барктуу өмүр сүрүңүз.

Эртең ашып жетимиштин белесин,
Сексен жашта туу чокуга жетиңиз.
Тоо көтөргөн токсонду да багынтып,
Жүз өмүрдүн алтын көлүн кечиңиз.

Кудай сизге берип бекем ден-соолук,
Көп адамдар сизди көрүп кубансын.
Неберелер сиздин жолду басышып,
Сиздей болгон "генералдар" улансын!!!

Автор, Асейин Саралаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости