www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Жалил Сапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасын Япониянын эли тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Японияда 2011-жылы катуу суу астында жер титиреп, цунами болуп, Фукусима атомдук электр станициясы жабыркап, канчалаган эл кыйналганы эсибизде. Бул дам курман болуп, 6 аган префектурада 2,5 миңден ашуун адам дайынсыз болгон, 6 миңден ашуун киши жаракат алган, миңдеген кишилер башка дүйнө менен байланыша албай калышкан. Өтө оор кырдаал түзүлгөн. Суу баарын, үйлөрдү да, кампаларды да, дүкөндөрдү да жууп кеткен.

Бирок, япондордун сабырдуулугуна ошондо бүт дүйнө таң калган. Алар ызы-чуу салышпады, мародёрлук болбоду, өкмөткө да нааразычылык акцияларын уюштурушпады. Сабыр кылышты. Ошондо баарыбыз алардын аң-сезимине, адеп-ахлагына, маданиятына таң калганбыз, суктанганбыз.

Ал эми бизде эч кандай кырсык жүз берген жок, баары жайында. Болгону кошуналарызда коронавирус менен ооругандар бар болуп чыкты. Анан дүрбөлөңгө түшүп, мүшөктөп ун алууга шаштык, аны кымбат сатып калууга үлгүрдүк. Элдин жапайы инстинкти ушунчалык ойгонду дейсиң, акыл-эс тууралуу кеп болбой калды.

Биздин ким экенибиз, япондордон канчалык артта калган жапайылыгыбыз даана көрүндү. Дагы байыркы элбиз, улуу элбиз, Манастын урпактарыбыз деп кыйкырабыз.

А иш жүзүндө таптакыр башка болуп чыгып калды...

Мындай абалыбыз менен башкаларга сын айтпай, башкалардан үйрөнүп, өрнөк алып жашашыбыз керек окшойт...

Өзүбүздү күзгүдөн дагы жакшылап карашыбыз керек окшойт...", деп Жалил  Сапаров жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости