www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан коронавирусту алдын алууда Кытайдан жардам сурайт

Кыргызстан коронавирусту алдын алууда Кытайдан жардам сурайт. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков башында турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Алардын биринде Тышкы иштер министрлиги жана Саламатык сактоо министрлигине коронавирус илдетин алдын алууда Кытай мамлекетинен кеңеш жана ар кандай жардам суроо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталган.

Мындан тышкары,  президент коронавирус Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизерин айткан. «Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды үнөмдөөгө өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек», - деп билдирген Сооронбай Жээнбеков.

Эске сала кетсек, буга чейин Кытай бийлиги коронавирусту дарылоо үчүн, вирус күч алган мамлекеттерге дары-дармек, медициналык жабдууларды жиберүүгө да даяр экенин айткан. Мындан бир нече күн мурда Италияга дарыгерлерди жөнөтүүнү Кытайдын Кызыл чырым коому сунуштаган. Уюмдун маалыматына караганда, ушул тапта кытайлык дарыгерлер Иранда иштеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости