www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Операция башыма эмес, акырегиме жасалган. Бул тууралуу ырчы Асел Кадырбекова өзүнүн Instagram баракчасында күйөрмандарынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп келе жатам. Анализдерим баары жакшы чыкты. Учурда дары эле ичип жатам. Ал эми, менин кайсы жериме операция кылынганы тууралуу көп сурашат. Операция акырегиме жасалган. Чачым болсо кырсыктаганда жулунуп кетиптир, ошондуктан алганга туура келиптир. Эң негизгиси өзүм аман калдым. Башыман операция болгон жокмун», - деди Кадырбекова.
Ага утурлай эле ырчыга «экинчи наристелүү болуу оюңузда барбы?» деп да сурашты.
«Кудайым буюрса, албетте, тилек кылып жатам. Азырынча кызым Дария кичинекей, ошондуктан бир аз чоңойсун. Мен өзүм да бир аз калыбыма келип, ден соолугумду чыңдап алайын. Ал эми, мени кырсыкка учураганда боюнда бар экен деген сөздөр жалган», - деп кошумчалады ал.
Ошондой эле, ал жакын арада Түркиядан толук текшерүүдөн өтүп келгенин айтып, ар бир 6 ай сайын 3 жыл аралыгында көрүнүп туруу керек экендигин билдирди.
Булак: NazarNew.kg